«Кыргыз тили жана Айтматов ааламы» аталышындагы үч айлыктын алкагында И.Раззаков атындагы КМТУнун кыргыз тили кафедрасы тарабынан 24-ноябрда «Чыңгыз Айтматов – 95 жыл» деген аталышта жыйынтыктоочу салтанаттуу театралдаштырылган кече болуп өттү.
Аталган кече майрамдык куттуктоолор менен коштолду: КР президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын өкүлү мекемелик ардак грамоталарды кыргыз тили кафедрасынын улук окутуучулары К.Жолдошбаевага, Ы.Шаршеновага тапшырды.
Республикалык «Кыргыз тили» коомунун президенти Р.Курбанов мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү зор эмгеги үчүн «Ыйык тил» төш белгисин университеттин кыргыз тили кафедрасынын башчысы, ф.и.к., доцент Жумагул кызы Айнурага, доценттер А.Исираиловага жана Д.Исмаиловага тапшырды.
Салтанатуу иш-чаранын жүрүшүндө үч айлыктын алкагында өткөрүлгөн тематикалык сынактардын жеңүүчүлөрүнө дипломдорду өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу боюнча проректор, доц. Ж.Сыдыков тапшырды:
- дилбаян боюнча — Калысбекова Аяна, Кадыракунов Болуш, Рашидинов Бектурсун;
- көркөм окуу боюнча — Ким Юн Соп Бён Хён;
- жат жазуу боюнча — Бокенова Чолпонай, Кадыров Касымалы, Исаков Эмир;
- мыкты видеотүрмөк — Саламатова Жанара;
- мыкты клип — Байжигитова Гүлназ.
КМТУнун студенттери жана Т.Абдымомунов атындагы КУАДТтын актеру, режиссеру К. Атакан уулу менен биргеликте даярдалган Ч.Айтматовдун «Саманчынын жолу» чыгармасынан үзүндү жогорку деңгээлде көрсөтүлдү.
Ошондой эле кече Ч.Айтматовдун чыгармаларынын каармандарын чагылдырган «Махабат сыры» композициясы көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынды. Кече кыргыз тили кафедрасынын жалпы эмгек жамаатынын аткаруусундагы «Ысык-Көлдү сагынуу» (сөзү Ч.Айтматовдуку, обону М.Бегалиевдики) чыгармасын аткаруу менен соңуна чыкты.