Ош технологиялык университетинде техника илимдеринин доктору, профессор Акматбек Жаманбаевдин жаркын элесине арналган мемориалдык такта орнотулуп, анын ачылыш аземи болуп өттү.
Аталган иш-чарага ОшТУнун ректору Ж.Турсунбаев, УИАнын президенти К.Абдрахматов, А.Жаманбаев атындагы Жаратылыш ресурстары институтунун директору А.Абидов, УИАнын мүчөлөрү, окуу жайдын жалпы жамааты жана студенттери катышты.
Аземде Жаратылыш ресурстары институтунун директору А.Абидов Жаманбаев Акматбек Сагынович кыргыз илиминин пайдубалынын түптөлүшүндө, эл аралык аренага чыгышына зор салым кошкон илимпоз катары тарых барактарында аты сакталып калган улуу инсан жана ОшТУ үчүн жасаган эмгеги зор экендигин баса белгиледи.