19:21 1 декабря 2023

Кытайдын Кыргызстандагы элчиси ОшМУда студенттерге жана окутуучуларга лекция окуду

Кыргызстан Кытайдын ынак коңшусу жана достук мамиледеги стратегиялык өнөктөшү катары эки мамлекеттин ортосундагы мамиле ылдамдык менен өнүгүүдө. Жакынкы жылдан бери Кыргызстан «Бир алкак – бир жол» долбооруна активдүү катышууда жана Кытай менен бирге көптөгөн пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууда. Мындай пикирин КЭРдин Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь ОшМУнун студенттерине жана окутуучуларына окуган «Бир алкак — бир жол» аттуу лекциясында айтып өттү.

Элчи эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди чыңдоого ЖОЖдордун ортосундагы байланыш дагы чоң роль ойноп жатканын билдирди.

Иш-чарада элчиге «ОшМУнун эмгек сиңирген ишмери» төш белгиси ыйгарылды. Ду Дэвэнь баштаган делегация берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу жана ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков менен жолукту.

Анда тараптар учурда Кыргызстанда анын ичинде ОшМУда келишимдердин алкагында ишке ашырылып жаткан кызматташтыктар, окуу жайдын Кытайдын ЖОЖдору менен болгон байланыштары, ОшМУнун кытай тилдүү адистерди даярдоо багытындагы иш аракеттери боюнча сүйлөшүлдү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть