Ош технологиялык университетинин мыкты студенттери Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү менен таанышуу максатында Ак үйгө барышты.
Алар ЖКнын депутаттары Нуржигит Кадырбеков жана Шайлообек Атазов менен жолугуп, акыл-кеңештерин угушту.
Студент жаштарды патриоттуулукка тарбиялоо, мекенге чын ниеттен кызмат кылуу, өз өлкөсүнүн мыкты атуулу болууга үгүттөө үчүн мындай иштер дагы да улана бермекчи.