Кадамжай районундагы №11 «Исфайрам» орто мектебинде 1-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата иш-чаралар өткөрүлдү. Бул боюнча мектептин тарбия иштери боюнча директордун орун басары А.Ниязова билдирди.
СПИД оорусунун алдын алуу боюнча атайын бурчтар уюштурулуп, класс жетекчилер тарабынан тарбиялык сааттар, класстан тышкаркы иштер, «Биз сергек жашоону каалайбыз», «Биз ден соолукту чыңдайбыз» деген ураандын астында атайын акциялар, спорттук мелдештер өткөрүлдү.
Медайым Акылбек кызы Гүлкайыр оорунун белгилери, жугуу жолдору, андан кантип сактануу керектиги боюнча окуучуларга маалымат берди.