28-ноябрь күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин юридика-бажы факультетинде «Абсамат Масалиевдин укуктук мамлекетти куруудагы ролу жана орду» аталышындагы аймактык илимий-практикалык конференция болду.
Кыргыз Республикасынын баатыры, мамлекеттик жана коомдук ишмер Абсамат Масалиевдин 90 жылдык маарекесине карата иш-чаралардын алкагында уюштурулган конференцияга КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Ош шаардык мэриясынын өкүлдөрү, белгилүү илимпоздор, коомдук ишмерлер, ЖОЖдордун окутуучулары, аспиранттар жана магистранттар катышты.
Конференцияны КӨЭАУнун ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Мамасыдыков Абдилбает Асанович ачып берип, көрүнүктүү мамлекеттик жана партиялык ишмер Абсамат Масалиевдин өмүр жолуна кыскача токтолду. Ал эми конференциянын уюштуруучусу, КӨЭАУнун илимий иштер боюнча проректору, техника илимдеринин доктору, профессор Исманов Медербек Марипжанович конференцияны уюштуруунун негизги максаты кыргыз коомуна тарыхый из калтырган улуу инсандын жасаган иштерин жаштар арасында даңазалап, анын ысымы унутта калып кетишине жол бербөө экенин баса белгиледи.
Андан соң расмий чакырылган конокторго сөз берилип, илимий конференциянын ишин пленардык жыйындын баяндамачылары улантты.
Пленардык жыйында юридика-бажы факультетинин
деканы, юридика илимдеринин доктору, профессор Көкөева Алмагүл Мухтарбековна, Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунун директору т.и.к.,доцент, Бердиев Асан Токсонович, Ош шаардык мэриясынын тышкы
байланыштар жана аналитика башкармалыгынын башчысы Орозалиев Максат Насирдинович, Абсамат Масалиевдин Кыргызстандын эгемендүүлүк жылдарындагы коомдук ишмердиги, анын мамлекеттин башкаруу саясатын жүзөгө ашыруудагы ѳзгѳчѳлүктѳрү, юридикалык милдеттерин таза
аткара алган үлгүлүү мамлекеттик ишмер экендигин даңазалаган баяндамаларды жасашты.
Конференция суроо-жооп, талкуулар менен коштолуп, жыйынтыгында илимий-практикалык конференциянын катышуучулары резолюция кабыл алышты.