Ош технологиялык университетине Ош шаардык аскер комиссариатынын офицерлери келип, окуу жайдын студенттери менен жолугушту.
Жолугушууга 18 жаштан 25 жашка чейинки уландар катышып, аскердик жана альтернативдик кызмат жөнүндө маалыматтарды алышты.
Жолугушууда балдардын аскердик милдетин өтөшү, кызмат кылуу тартиби жана өтөөнүн мөөнөтү тууралуу маселелер талкууланып, суроо жооп менен коштолду.