16:31 5 декабря 2023

ОшТУда «Кыз адеби кымбат» аттуу иш-чара уюштурулду

Ош технологиялык университетинде Аялдар кеңеши, Кибернетика жана маалымат технологиялары факультети тарабынан Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүү акциянын алкагында жана 1-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата «Кыз адеби кымбат» аттуу тегерек стол уюштурулду.

Аталган иш-чарага университеттин жетекчилиги, Ош шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Нурбек Кадыров, Кыргыз Республикасынын Аялдар кеңеши бирикмесинин Ош шаарындагы төрайымы Атыргуль Кожоева, Ош шаардык кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча комитетинин төрагасы Болотбек Баетов, Ош шаардык кеңешинин депутаттары, Ден соолукту чыңдоо борборунун өкүлдөрү, эксперттер, жогорку окуу жайлардын Аялдар кеңешинин төрайымдары катышып, өздөрүнүн кеп кеңештерин айтып кыздарга тиешелүү болгон балуулуктар боюнча кенен айтып беришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө коомдогу, үй-бүлө куруудагы кыздардын орду, кыздардын ден-соолуктары, кыздарга болгон коомчулуктун сый урматы боюнча маалыматтар берилип, катышуучулар өздөрүнүн кызыккан суроолорун беришип, жооп ала алышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть