16:58 5 декабря 2023

ОшТУнун алдыңкы айымдары сыйланды

Ош технологиялык университетинде көп жыл үзүрлүү иштеп, билим берүүдө, илимде сиңирген эмгектери, коомдук иштерде көрсөткөн активдүүлүгү үчүн окуу жайда эмгектенген бир нече айымдар Кыргыз Республикасынын Аялдар кеңешинин ардак грамотасы менен сыйланды.

ОшТУнун Аялдар кеңешинин төрайымы, ф.-м.и.к, доцент Алийма Маматкасымовага КРнын Аялдар кеңешинин «Мээримдүүлүк» төш белгиси тапшырылды. КРнын Аялдар кеңеши бирикмесинин Ош шаарындагы төрайымы Атыргүл Кожоева Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүү акциянын алкагында жана 1-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата «Кыз адеби кымбат» аттуу иш-чарада тапшырды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

up

Закрыть Закрыть