16:11 8 декабря 2023

Коопсуз миграция кербени ОшТУда болду

Ош технологиялык университетинде Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору тарабынан «Коопсуз миграция кербени – чет өлкөдө бош орундар жарманкеси» иш-чарасы өткөрүлдү.

Жарманке Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, ОшТУнун жетекчилиги жана карьера бөлүмү тарабынан уюшулуп, ага университеттин окутуучулары, студенттери жана шаар тургундары катышышты.

Бош орундар жарманкесинде чет өлкөдө иштөөнү каалаган жарандар үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөр сунушталып, 20дан ашык жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктери катышты. Алар кызмат көрсөтүү, тейлөө, транспорт, соода, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана башка тармактарда 2000ден ашык бош орундарды сунушташты.

Иш-чарада Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун жана мигранттардын укугун коргоо башкармалыгынын жана жеке агенттиктердин өкүлдөрү тарабынан чет өлкөлөрдөгү бош жумуш орундары боюнча маалыматтар берилди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

up

Закрыть Закрыть