10:40 7 декабря 2023

ОшТУда студенттерге адам укуктары тууралуу маалыматтар берилди

Ош технологиялык университетинде Адам укуктарынын жалпы кабыл алынгандыгынын 75 жылдыгына карата жана жаштардын адам укуктары жаатындагы малымдуулугун жогорулатуу боюнча атайын иш-чаралар өткөрүлүп жатат.

Бул максатта «Социалдык технологиялар жана коомдук илимдер» кафедрасынын окутуучусу Бактыгул Нуркамилова Гуманитардык-технологиялык колледжинин студенттерине «Вена деклорациясы жана билим алуу укугу» деген темада лекция окуду. Мында Кыргыз Республикасында адамдын конституциялык укуктары жана аларды сактоо, бүгүнкү күндөгү жаштардын коомдогу орду тууралуу маалыматтар берилди. Жыйынтыгында катышуучулар тарабынан суроолор берилип, тиешелүү жооптор алынды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

up

Закрыть Закрыть