15:45 8 декабря 2023

ЖАМУнун ректору Кеңешбек Усенов Кытайдагы Синьцзян университетинин ардактуу профессору болду

2023-жылдын 5-декабрында Кытай Эл Республикасындагы Синьцзян университетине ЖАМУнун ректору, т.и.д., профессор, КРнын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын ээси, Инженердик академиянын жана Евразиялык тоо кен академиясынын академиги, Эл аралык инженердик академиясынын мүчө-корреспонденти (Москва) Кеңешбек Усенов атайын чакыртылып, ага Ардактуу профессор наамын ыйгаруу аземи болуп өттү.

Расмий салтанатка Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун КПКК төрагасынын орун басары, Синьцзян университетинин партиялык комитетинин катчысы Сюй Сяньи катышып, академик К.Усеновго Синьцзян университетинин Ардактуу профессору наамын тапшырды. Иш-чарада К.Ж.Усеновдун илимге кошкон көп жылдык үзүрлүү эмгеги, Кыргызстан-Кытай мамлекеттеринин ортосундагы кызматташуу, достук мамилелеринин өнүгүшүнө кошкон зор салымы чакырган тарап аркылуу баса белгиленди.

Келечекте профессор К.Усенов менен илимий-изилдөө жана ар кандай багытта кызматташуу тереңдей тургандыгын айтып, илимпоздун иштерине ийгиликтерди каалады.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

up

Закрыть Закрыть