18:57 8 декабря 2023

ОшМПУнун ректору Өзбекстанда Айтматовго арналган конференцияга катышты

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору, профессор Бекмурза Зулуев Өзбекстанда өткөн эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышып келди.

Аталган конференция Фергана мамлекеттик университетинде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата «Чыңгыз Айтматов жана дүйнө адабияты» аталышында уюштурулуп, ага Өзбекстандын жана Кыргызстандын окумуштуулары катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө университетте Ч.Айтматовго арналган борбордун ачылуу аземи болуп, кызыл тасмасы кесилди. Бул менен бирге Ош мамлекеттик педагогикалык университети менен Фергана мамлекеттик университети ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду. Ага ылайык алдыда эки окуу жайдын студенттери мобилдүүлүк программасы менен окуп келүү, ал эми окутуучулар тажрыйба алмашуу багытында жакындан кызматташуусу жүргүзүлөт.

Андан соң жобого ылайык конференция пленардык отурум менен коштолуп, мында профессор Бекмурза Зулуев илимий конференциянын жүрүшүнө ийгилик каалоо менен, эки элдин достугун арттырып, ынтымагын бекемдөөгө залкар жазуучу себеп болуп жаткандыгын баса белгилеп, аталган саамалыкты уюштургандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть