Ош технологиялык университетинде “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аттуу адабий кече өткөрүлдү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” Конституциялык Мыйзамынын аткарылышын камсыз кылуу, Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына жана Улуттук адабият күнүнө карата Мамлекеттик тил кафедрасы тарабынан уюштурулду. Аталган иш-чарага окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулар жана студенттер катышты.
Адабий кечени университеттин окуу иштери боюнча проректору У.Ж. Мамытов ачып, Чыңгыз Айтматовдун атын түбөлүккө калтыруу, анын чыгармаларын жайылтуу, анын руханий мурасын келечектин ээси болгон кийинки муунга калтыруу керектигин айтып өттү.
Кечеде таланттуу студенттер тарабынан улуу жазуучу жаратып кеткен чыгармаларынан сахналык көрүнүштөр аткарылып, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартууланды.
Иш-чаранын жыйынтыгында Мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы А. Т. Саттарова активдүү катышкан студенттерге ОшТУнун Ардак грамотасын тапшырды.
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” Конституциялык Мыйзамынын аткарылышын камсыз кылуу жана Кыргыз эл жазуучусу Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталышындагы үч айлык жарыяланган жобонун алкагында мамлекеттик тил кафедрасы тарабынан төмөндөгүдөй иш-чаралар өткөрүлдү.
1. 23-сентябрь Мамлекеттик тилдин 34 жылдыгына карата “Эл дөөлөтү - эне тил” аталышындагы адабий кече;
2. 18-октябрь 1-курстар арасында “Эзелтен чечилбеген улуу талаш, канткенде адам уулу адам болот?” темасындагы дил баян сынагы;
3. 13-ноябрда “Каармандар сүйлөйт” аттуу дубал гезиттер сынагы;
4. 20-ноябрда “Эрте келген турналар” повести боюнча көрсөтмөлүү ачык сабак;
5. 4-декабрда “Манас” эпосунун күнүнө карата “Манас” эпосундагы мамлекеттик иденттүүлүк жана улуттук идеология” темасындагы илимий семинар;
6. 11-декабрь “Делбирим” повести боюнча көрсөтмөлүү сабак;
7. 12-декабрда Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” Конституциялык Мыйзамынын аткарылышын камсыз кылуу жана Кыргыз эл жазуучусу Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталышындагы адабий кече;