ОшТУда Гуманитардык-технологиялык колледжинин Математика жана статистика кафедрасы тарабынан жигиттер жана кыздар арасында «Жаштык кез, жалын кеч» аттуу сармерден оюну өткөрүлдү.
Оюн-зоок коштогон иш-чара адамдар ортосундагы ынтымакты, достукту бекемдөө, студенттердин маданий эс алуусун уюштуруу жана улуттук баалуулуктарды сактоо максатында уюштурулду.
Сармердендин салтына ылайык, кыз-жигиттер ортосунда обондуу ырлар ырдалып, макал-лакап, табышмактар айтылып, акыйнек айтышышты. Жаштардын талантын баалоого калыстар тобу чакырылып, жыйынтыгында достук жеңип, тең чыгуу менен аяктады.
Оюн-күлкү тартуулаган кубанычтуу салтанат келген конокторго жагымдуу маанай тартуулады.