Ош технологиялык университетинин окуу иштери боюнча проректору У.Мамытов жетектеген делегация Өзбекстандын Бухара шаарындагы Бухара мамлекеттик университетинде болушту.
Иш сапардын алкагында аталган университеттин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүлүп, эки тараптуу кызматташуу, студенттердин жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн ишке ашыруу, эки окуу жайдын ортосунда илимий-иштерди жүргүзүү жолдору талкууланып, жыйынтыгында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.
Мындан ары Ош технологиялык университети аталган окуу жай менен кызматташмакчы.