22:24 26 декабря 2023

ОшТУнун Корей тили борбору күзгү семестрдин жыйынтыгын чыгарды

ОшТУнун Сежоң корей тил борборунда күзгү семестрдин бүтүрүү аземи өткөрүлдү.

Бул семестрге катталган 235 студенттин арасынан 201 студент экзаменди ийгиликтүү тапшырып, курсту бүтүргөндүгү тууралуу сертификатка ээ болушту. Ошондой эле ар бир тайпа боюнча мыкты окуган студенттерге мактоо баракчалары, сабактарга толук катышкан студенттерге артыкчылык баракчалары жана белектер тапшырылды.

Иш-чара мугалимдер жана студенттер тарабынан даярдалган ыр-бийлер менен коштолду.

Аталган иш-чарага ОшТУнун ректору Ж.Турсунбаев катышып, студенттерди корей тил курсун ийгиликтүү бүтүрүшү менен куттуктады.

Сежоң корей тил борборунда жылына эки жолу — жазгы жана күзгү семестрге жаңы студенттер кабыл алынат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть