23-декабрда президент Садыр Жапаров өлкөдөгү окуу жайлардын студенттерине президенттик стипендия тапшырды.
Жыл аяктап баратканда салтка айланган жакшы жөрөлгөнүн ээси болуп өлкө боюнча 75 студент табылып, ар бирине 60 000 сомдон тапшырылды. Мында окууда мыкты ийгиликтерди жаратып, аракети менен көпчүлүктөн айырмаланып, жакшы максаттар менен келечекке умтулган, жакшы жетишкендиктерге жетишкен студенттер аталган акчалай сыйлыкты алышты.
Ош технологиялык университетинен энергетика факультетинин студенти Турапов Айдарбек Актанович, экономика жана башкаруу факультетинин студенттери Райымбердиева Тунук жана Жамалдинова Бегимай президенттик стипендиянын ээси болушту.