17:00 29 декабря 2023

ОшТУда жаңы жылдык кече өткөрүлдү

Ош технологиялык университетинде кирип келген 2024-жаңы жылды утурлай салатанаттуу жаңы жылдык кече өткөрүлдү.

Окуу жайдын жалпы жамааты ресторанда эски жылды узатып, жаңы жылды тосту. Окуу жайдын ректору Жанболот Турсунбаев жалпы жамаатты жаңы жылы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

Майрамдык кеченин жүрүшүндө экономика жана башкаруу факультети тарабынан даярдалган кызыктуу оюн-зооктор, ыр, бийлер жана концерттик программалар менен коштолуп, жагымдуу маанай тартууланды.

Жыл жыйынтыгында университеттин мыктыларын аныкталып, жетекчилик тарабынан диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

1. “Жылдын мыкты студенти” - энергетика факультетинин ЭиЭТ-1-20 тайпасынын студенти Турапов Айдарбек Актанович - 5000 сом

2. “Жылдын мыкты спортсмен студенти” - энергетика факультетинин ЭОиЭТ-1-20 тайпасынын студенти Адил уулу Алымбек - 5000 сом

3. “Жылдын мыкты куратору” - кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин Эсептөө техникаларын жана автоматташтырылган системаларды программа менен камсыздоо кафедрасынын ага окутуучусу, ИиВТ-1-22 тайпасынын куратору Мамажакыпова Гулзара Турдубаевна- 8000 сом

4. “Жылдын мыкты админстративдык-чарба бөлүмүнүн кызматкери”- администрадивдик-чарба бөлүмүнүн механиги Кубанычбек уулу Нуржигит - 10000 сом

5. “Жылдын мыкты магистранты” - кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин Эсептөө техникаларын жана автоматташтырылган системаларды программа менен камсыздоо кафедрасынын магистранты Ташбаева Назгул Медетбековна - 10000 сом

6. “Жылдын мыкты аспиранты” - кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин Байланыш түйүндөрү жана телекоммуникация системалары кафедрасынын аспиранты Нышанова Алтынай Сыдыковна - 10000 сом

7. “Жылдын мыкты лектору” - энергетика факультетинин Электр станциялары, тармактары жана торлору” кафедрасынын доценти Элчиева Малика Сейталиевна (техникалык багыттагы адистиктер боюнча) - 5000сом

8. “Жылдын мыкты лектору” - кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин Компьютердик лингвистика кафедрасынын доценти Шерматова Айжаныл Митаевна (гуманитардык багыттагы адистиктер боюнча) - 5000 сом

9. “Жылдын мыкты окуу- усулдук колдонмосу”- автоунаа жана тейлөөнүн технологиясы факультетинин Сызма геометрия жана графикалык дизайн кафедрасынын доценти Жусупов Алибай Алдырахманович - 10000 сом

10. “Жылдын мыкты илимий изилдөөчүсү” - технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин Пайдалуу кендердин геологиясы кафедрасынын профессору Калдыбаев Нурлан Арзымаматович -10000 сом

11. “Жылдын мыкты окуу-усулдук лабораториясы” - энергетика факультетинин Электр менен жабдуу кафедрасынын “Электр жабдыктарын монтаждоо технологиясы” лабораториясы - 10000сом

12. Жылдын мыкты административдик башкаруу аппаратынын кызматкери” - Студенттер боюнча кадрлар бөлүмүнүн ага инспектору Бобулова Баригул Алановна – 10000 сом

13. “Жылдын мыкты кафедрасы” - экономика жана башкаруу факультетинин Бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасы - 15000сом

14. “Жылдын мыкты факультети” - архитектура жана курулуш факультети - 20000 сом.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть