17:03 29 декабря 2023

ОшТУнун студенттери жана магистранттары эл аралык конференцияда алдыңкы орунду ээлешти

Ош технологиялык университетинин Айыл-чарба азыктарын кайра иштетүүнүн технологиясы кафедрасынын студенттери, магистранттары жана магистрлери – Шерова Айзат, Чынтураева Каныкей, Маматиса кызы Гулиза жана Адылмырза кызы Арууке эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышып, ийгилик жаратты. “Биотехнологиянын горизонттору” аталышындагы конференция Россия Федерациясынын И.С.Тургенев атындагы Орёл мамлекеттик университети тарабынан уюштурулуп, ага жаш окумуштуулар, аспиранттар жана магистранттар катышты.

Жыйынтыгында ОшТУнун жаш окумуштуулары илимий изилдөө сынагынын негизги жеңүүчүлөрү деп табылды. Конференциянын уюштуруучулары жана жеңүүчүлөрдү аныктоо комиссиясы биздин катышуучулардын илимий иштерин эң кызыктуу деп жогору баалашты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть