17:21 29 декабря 2023

ОшТУнун «Жаштык» телестудиясы жылдын мыктысы аталды

Ош шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган “Жыл мыктылары 2023” сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү. Ага Ош шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Кадыров Нурбек Сүйүнбаевич, шаардык кеңештин депутаттары, конкурстун жеңүүчүлөрү жана жаштар катышты.

Натыйжада “2023-жылдын мыкты студиясы” номинациясы менен ОшТУнун “Жаштык” телестудиясы сыйланды.

Конкурстун катышуучулары социалдык тармак аркылуу сунушталып, андан соң эң көп добуш алгандарынын жыл ичиндеги жетишкендиги, Ош шаарынын өнүгүүсүнө кошкон салымына байкоо жүргүзүлгөн.

Ош технологиялык университетинин “Жаштык” телестудиясы Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын арасында эң алгач түзүлүп, эфирге чыга баштаган телестудия. Ал 1996-жылы окуу жайдын Окумуштуулар кеңешинин чечими менен түзүлүп, Ош облустук юстиция башкармалыгы тарабынан массалык маалымат каражаты катары күбөлүк алган. Телестудия быйылкы жылы 27 жашка толду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть