“Багыт” кайрымдуулук фондунун ыктыярчылары “Бир адамдан бир китеп” долбоорунун алкагында Ош технологиялык университетинин студенттери менен жолугушту.
Аталган иш-чара табигый-техникалык факультетинин Кесипке билим берүүнүн технологиясы кафедрасы тарабынан ыктыярчылар менен жакындан таанышуу жана Ош шаарында команда түзүү максатында уюштурулуп, факультеттин студенттери катышты.
“Багыт” кайрымдуулук фондунун ыктыярчыларынын катарында ОшТУнун студенттери дагы бар.