Ош технологиялык университети Кытайдын Сычуань провинциясында расмий өкүлчүлүгүн ачты.
Ачылуу иш-чарасына ОшТУнун ректору Жанболот Турсунбаев, өкүлчүлүктүн кызматкерлери жана Кытайдагы өнөктөштөр Чэн Синьлэй, У Хань, Чэн Синь, Ван Дунчэн, Линь Чуансинь ж.б. катышты.
Бул иш-чаранын ачылуу салтанатында ОшТУнун ректору сөз сүйлөп, бул өкүлчүлүк чет өлкөлүк абитуриенттер үчүн ОшТУнун билим берүү ресурстарын экспорттоого жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратып, окуу жайдын өсүп-өнүгүүсүнө, инвестиция үчүн жаңы платформалардын жараларына ишеним артаарын белгиледи. Ошондой эле ОшТУнун эл аралык кызматташтыгында артыкчылыктуу багыттар, чет өлкөлөрдөн келчү студенттер үчүн мүмкүнчүлүктөр, окуу жайдагы түзүлгөн шарттар, академиялык мобилдүүлүктөргө болгон басым, эл аралык биргелешкен илимий-изилдөө долбоорлору туурасында айтып өттү.
Өкүлчүлүк Кытайдагы ОшТУнун үчүнчү өкүлчүлүгү болуп саналат жана Сычуань провинциясында учурда 84 млн калк жашайт.