ОшТУнун «Архитектура, дизайн жана графика» кафедрасында курстук долбоорлорду кабыл алуу боюнча көргөзмө өткөрүлдү.
Мында архитектура, айлана-чөйрөнүн архитектуралык дизайны багытынын студенттери өздөрүнүн колдорунан жаралган дизайндык эмгектерин көргөзмөгө алып чыгышты.
Салттуу түрдө кафедрада ар жыл сайын эки жолу курстук долбоорлордун көргөзмөсү өткөрүлөт. Бул иш-чара 1-2-курстарда окуган студенттер үчүн багыт берүүчү катары эсептелет. Алардын ар бир аткарган иштери көпчүлүктүн көз карашы менен бааланарын билип, алардын эмгегин бир эле окутуучу баалай албасын практика жүзүндө көрүшөт. Бул архитектура жана айлана-чөйрөнүн архитектуралык дизайны багытындагы студенттерге мотивация болуп калат.