Ош технологиялык университетинин кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин студенти Кудайбердиева Луиза билимге, илимге, спортко жана маданиятка кошкон салымы жана коомдук иштерге активдүүлүгү үчүн «КМШнын мыкты студенти» сыйлыгына ээ болду.
Ал «Бобек» жалпы улуттук кыймылы ассоциациясынын диплому, «Мыкты студент» медалы жана «КМШнын мыкты студенти» күбөлүгү менен сыйланды.
Буга чейин мындай сыйлыкка ОшТУнун башка студенттери да ээ болушкан.
Ийгиликке жеткен студентти ОшТУнун ректору Ж.Турсунбаев кабыл алып, мындан ары дагы мыкты жетишкендиктердин ээси болуусуна тилектештигин билдирип, окууларына ийгликтерди каалады.