Ош технологиялык университетинин ректору Жанболот Турсунбаев Улуу Британиянын “Anglia examinations ENGLAND” уюмунун өкүлү Мартин Клотс менен “Англия экзаминейшнс” билим берүү мекемесинин директору Тилек Үркүнчиевди кабыл алды.
Жолугушууда университеттин студенттерине кош диплом берүү, “Англия экзаминейшнс” билим берүү мекемеси аркылуу англис тили мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу жана аларды окутуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Мартин Клотстун айтымында, ОшТУнун гуманитардык-технологиялык колледжинин IT-технология жана укук таануу адистигинин студенттери чет мамлекетке чыкпастан, колледжде окуп жатып эле онлайн форматта Улуу Британянын Chelsea бизнес мектебинин мугалимдеринен сабак алып, профессиясына жараша 2 дипломдун ээси боло алышат. Ошондой эле, студенттер окууну аяктагандан кийин Европа мамлекеттеринин жогорку окуу жайларынан 2-курсунан окууларын уланта алышат.
ОшТУнун ректору Жанболот Турсунбаев аталган билим берүү мекемеси менен иштешүүгө даяр экендигин билдирди.