Кадамжай районундагы №11 «Исфайрам» орто мектебинде балдарга карата зордук-зомбулуктун жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында «Зордук-зомбулукту бирге токтотобуз» деген темада иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мектептин тарбия иштери боюнча директордун орун басары А.Ниязова билдирди.
Иш-чарага ата-энелер, айыл имамы, айыл башчылар, жаш балдар менен иштөө инспектору, милиция кызматкерлери катышты.