14:35 30 января 2024

ОшТУнун студенттер үйү капиталдык ремонттон өттү

Ош технологиялык университетинин студенттер үйү толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

Иш-чарага университеттин жетекчилиги катышып, жатаканага студенттерди кабыл алуу иштерин тиешелүү кызматтын өкүлдөрүнө тапшырды.

Учурда студенттер үйү заман талабына ылайыкташтырылып, студенттердин жагымдуу шартта жашоосу үчүн бардык мүмкүнчүлүк тузүлдү. Эшик-терезелери алмашылды, жаңы эмеректер коюлуп, жуунучу бөлмөлөр жаңыланды.

Жатаканага кабыл алууда мүмкүнчүлүгү чектелген, социалдык абалы оор, жардамга муктаж жана алдыңкы студенттерге жеңилдик каралган. Ошондой эле алыскы райондордон келген студенттер үчүн кезексиз кабыл алуу артыкчылыгы берилген.

ОшТУнун студенттер үйү шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн тибинде салынып, жалпысынан 450 орунга ылайыкташкан.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

up

Закрыть Закрыть