КЭУнун бүтүрүүчүсү Тина Калыбекованы 24-январь күнү ректор Алмаз Кадыралиев кабыл алып, орток пландар талкууланды.
Ресторан бизнеси, коомдук тамактануу азыктарынын технологиясы багытында билим алган студенттер үчүн квалификациясын жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрү, ишке ашыруу кадамдары каралды.
КЭУнун Карьераны өнүктүрүү жана маркетинг департаменти буга чейин ресторанда стажировкага талапкерлерди тандоо боюнча сынак өткөргөн. Сынактын көптөгөн катышуучуларынын ичинен КЭУнун 2 студенти тандалды.
Ресторатор Калыбекова КЭУда жана Экономика жана сервис колледжинде ушул багытта билим алып жаткан студенттер менен иш маегин өткөрдү. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында кошумча дагы 2 студент тандалып алынды. Алар эми Франциядагы ресторанда стажировкадан өтүшөт.
Бул келишим негизинде үстүбүздөгү окуу жылы 4 студент Франциядан практика өтүп келмей болду.
Ошондой эле жолугушуунун аягында Тинага КЭУнун бүтүрүүчүлөрүнүн ассоциациясынын ардактуу бүтүрүүчү төш белгиси тапшырылды.