Ош технологиялык университетине Кытайдын Сиань архитектуралык-технологиялык университетинин өкүлдөрү расмий иш сапар менен келди.
Делегация менен ректор Жанболот Турсунбаев, сырткы байланыштар жана өнүгүү боюнча проректору А.Акматалиев жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Ш.Нармирзаева жолугуп, пикир алышты.
Жолугушууда «Бир алкак — бир жол» эл аралык программасынын алкагында «Жашыл имарат» темасы боюнча биргелешкен лаборатория түзүү боюнча келишимге кол коюлду. Ошондой эле «Бир алкак — бир жол» багыты боюнча шаар курулушун өнүктүрүүнү илгерилетүүнү, туруктуу өнүгүүгө жана экологиялык цивилизацияны курууга көмөктөшүүнү, глобалдык адам жашоо чөйрөсүнүн туруктуу өнүгүүсүнө биргелешип салым кошууну макулдашышты.