16:15 6 февраля 2024

ОшТУнун 10 студенти Корея мамлекеттик стипендиясынын ээси болду

2023-24-окуу жылында ОшТУнун 10 студенти GKS (Global Korea Scholarship) программасы боюнча Корея мамлекетиндеги университеттерде гранттын негизинде окууга мүмкүнчүлүк алышты. Алар ушул жылдын март айынан ар бири өздөрү тандаган адистиктер боюнча Кореядагы университеттерде окуп башташат. Кореяга жөнөп жаткан студенттерди университеттин ректору Ж. Ж. Турсунбаев кабыл алып, башка өлкөдө билим алууларына ийгилик каалады.

Биздин окуу жайда орун алган корей тил борбору көп жылдан бери эки өлкөнүн ортосундагы түзүлгөн келишимдерге ылайык академиялык мобилдүүлүк боюнча иш аткарып келет. Быйылкы окуу жылында академиялык мобилдүүлүк программасынын негизинде университеттин 3 студенти Кореяга окууга барышат. Буга чейин дагы бир нече студенттерибиз Корея мамлекетинин бир канча жогорку окуу жайларынан билимдерин улантып келишкен.

2024-жыл Корея мамлекеттик стипендиясынын ээлери:

1. Раззакова Байма Кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин 1-курсунун студенти, Сунчонхяң университети Туризм жана менеджмент факультети

2. Баратова Амина , Кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин 1-курсунун студенти, Инже университети Мультимедиалык дизайн факультети

3. Алимжанова Айкэн , Кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин 1-курсунун студенти, Пусан мамлекеттик университети Визуалдык дизайн факультети

4. Мирланов Кыялбек, Кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин студенти, Ажу университети Программалык камсыздоо факультети

5. Эсенбаева Гүлжазира, Кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин 1-курсунун студенти, Коңжу университети Туризм жана оозеки, жазма котормочулук факультети

6. Канатбек кызы Айганыш Кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин студенти, Коняң университети Бизнес башкаруу факультети

7. Абил кызы Нуриза Кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин студенти, Осан университети Графикалык дизайн факультети

8. Абдивали кызы Айдана Кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин студенти, Ёңжин университети Компьютердик маалымат факультети

9. Муратбекова Алина Экономика жана башкаруу факультетинин студенти, Кёңбок университети Визуалдык дизайн факультети

10. Турсуналиевва Аида Кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин студенти, Тэджон университети Мода дизайн жана бизнес факультети

Академиялык мобилдүүлүк (алмашуу программасы) боюнча:

1. Абдисамат уулу Энес Экономика жана башкаруу факультетинин студенти, Ханбат университети Экономика жана менеджмент факультети

2. Жорошева Мээримай Кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин студенти, Ханбат университети Компьютердик технологиялар факультети

3. Жанболотова Гулжана Экономика жана башкаруу факультетинин студенти, Хонам университети Экономика жана менеджмент факультети

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть