16:52 6 февраля 2024

«Ыйман» лицейинин бүтүрүүчүлөрү ОшТУ менен таанышты

Оштогу «Ыйман» лицейинин бүтүрүүчү класстары үчүн кесипти туура тандоо багытында ОшТУга экскурсия уюштурулду.

Окуучуларды ОшТУнун кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Мусабек Дуванакулов тосуп алып, аларга университет тууралуу маалыматтарды берди. Иш-чаранын башталышында университетке саякат жасап, окуу жайдын материалдык техникалык базасы, андагы жүрүп иштер жакындан тааныштырылды.

Бүтүрүүчүлөргө университет жөнүндө кенен маалымат берилип, окуучулардын келечектеги кесиби жана окуу жай тууралуу суроо-жооп болду.

Иш-чаранын негизги максаты кесип тандоо алдында турган бүтүрүүчү окуучуларга кесип тандоого багыт берүү, университеттин негизги ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берүү болуп саналат.

Ош технологиялык универститетинин кабыл алуу комиссиясы жаштарды кесипти туура тандоого үндөгөн иш-чараларды өткөрүшүүдө.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть