Ош технологиялык университетинде Жаштар комитети тарабынан «Бизнестин жашы барбы?» аттуу тренинг өткөрүлдү.
Аталган иш-чара студенттерди бизнес чөйрөсү менен тааныштыруу, жаштар саясатын өнүктүрүү, стартап долбоорлорду ишке ашыруу жана жаштардын интеллектуалдык деңгээлин көтөрүү максатында уюштурулду. Тренингге окуу жайдын студенттери жана Ош шаарынын жаштары катышты.
Бул тренингди жеке ишкерлер Султан Матиев жана Манас Эгембердиевдер өтүшүп, студенттерди окуу менен бирге өз идеяларын ишке ашырып, бизнес жаатында өз багытын туура тандап, келечекке мыкты даярдык менен баруу жана ийгиликке жетүү жолдору тууралуу кенен айтып беришти.
Тренингде кызыктуу талкуулар жүрүп, суроо-жооптор менен коштолду. Жыйынтыгында, келген конокторго ыраазычылык каттар тапшырылды.