Ош технологиялык университетинде Гуманитардык-технологиялык колледжинин окутуучулары үчүн республикалык илимий-методикалык борбор тарабынан «Кесиптик орто окуу жайларында билим берүү процессин модулдук компетенттүүлүктүн негизинде уюштуруу» деген темада курс өткөрүлүп, жыйынтыкталды.
Аталган курста тренерлер тарабынан катышуучуларга жаңы технологияларды өздөштүрүп, заманбап ыкмалар менен студенттерге билим берүүнүн өзгөчөлүгү, усулдарды сабакта колдонуунун артыкчылыктары жана окутуучулардын ишмердүүлүгүн жогорулатуу боюнча бир топ ыкмалар туурасында кеңири маалыматтар берилди.
Жыйынтыгында курстун катышуучулары кесиптик компетенциясын жогорулатышып, сертификаттарга ээ болушту.