Ош технологиялык университетинде Жаштар комитети жана Аялдар кеңешинин демилгеси менен «Кыздар менен сырдашуу» аттуу семинар өткөрүлдү.
Бул иш-чарага Ош шаарындагы «Асылзат айымдар» коомунун жетекчиси Нуркыз Кадырбекова жана коомдук ишмер Таалайбек кызы Мадина чакырылып, окуу жайдын студент кыздары активдүү катышты.
Бул иш-чарада биринчи кезекте кыргыз элиндеги кыздардын, дегеле аялзатынын орду тууралуу кеңири талкуу жүргүзүлдү. Кыргыздар эч качан кызды басмырлап төмөн койгон эмес, ар дайым кыздын орду үйдө, төркүндө бийик деп саналып, аяр мамиле жасалып келген. Биздин элде сакталган баалуулуктар азыркы ааламдашуу алкагындагы коомчулук үчүн канчалык деңгээлде өзгөрүлгөндүгү тууралуу дагы көптөгөн ойлор айтылды.
Азыркы күндөрдө кыздарга болгон мамиле, алардын ар кандай турмуштук жагдайлардан улам туш болуп жаткан көйгөйлөрү, аларды болтурбоо үчүн көрүлгөн иш-чаралар, кыздарга үй-бүлөдөгү мамиле, тарбия жана башка көптөгөн маселелер талкууланды.