10:14 9 февраля 2024

ОшТУда «Билим ордо» интеллектуалдык оюну уюштурулду

Ош технологиялык университетинде табигый-техникалык факультетинин ПМИ-1-21 тайпасынын студенттери тарабынан «Билим ордо» аталышындагы интеллектуалдык оюну уюштурулду.

Оюнга жалпысынан тогуз команда катышып, берилген суроолорго жооп беришип, конкурстун шартына ылайык талаптарды аткарышты.

Сынак студенттердин жан дүйнөсүн кеңейтүү, интеллектуалдык деңгээлин көтөрүү, логикалык ой-жүгүртүүсүн, тапкычтыгын, окуу жайга болгон кызыгуусун арттыруу жана студенттер ортосундагы достук мамилени чыңдоо максатында өткөрүлдү.

Жыйынтыгында 1-орунду «Леонардо да Винчи» командасы, 2-орунду «Азиянын арстандары» командасы, 3-орунду «Логика» командасы жана 4-орунду «Forever» командасы ээледи. Жеңүүчүлөргө дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть