17:40 13 февраля 2024

ОшТУ Фергана мамлекеттик университети менен кызматташууда

Ош технологиялык университетинин табигый-техникалык факультетинин «Кесипке билим берүүнүн технологиясы» кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамы, магистрант жана студенттери Фергана мамлекеттик университетине окуу жайлар аралык түзүлгөн келишимдин негизинде академиялык мобилдүүлүк боюнча барып, окуу жай менен кенен таанышып келишти.

Иш сапарда ОшТУнун окутуучулары студенттерге конок лекцияларды өтүштү, алдыңкы лабороториялык база менен таанышып чыгышты. Ошондой эле, «Инновационные технологии в преподавании технических дисциплины» аталышындагы эл аралык илимий семинар өткөрүштү.

Аталган иш-чара эки тараптын алакасын арттырып, билим берүүдө бир топ натыйжалуу иштерди биргеликте жүзөгө ашыруу максатында уюштурулду.

Ош технологиялык университети бир топ жылдардан бери академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча дүйнөнүн бир канча мамлекеттери менен кызматташып келет. Ал өлкөлөрдүн арасынан Өзбекстан Республикасынын жогорку окуу жайлары менен илим жана билим берүү жаатында тыгыз байланышта иш алып барууда.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть