17:05 14 февраля 2024

ОшТУнун Көзөмөлчүлүк кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү

Бүгүн Ош технологиялык университетинин Көзөмөлчүлүк кеңешинин кезектеги отуруму болуп, анда Ош технологиялык университетинин 2023-жылдагы атайын каражаттан сарпталган каржы-экономикалык иш-аракеттери, чарбалык ишмердүүлүгү жана университеттин окуу-материалдык базасын жакшыртуу маселелери, 2024-2025-окуу жылына акы алып кызмат көрсөтүүлөр, жана башка бир канча маселелер каралды. Негизинен, аткарылган иштерге оң баа берилип, окуу жай тарабынан сунушталган сунуштарга макулдук берилди. Жыйынга ОшТУнун ректору Ж.Ж.Турсунбаев жана күн тартиби боюнча жооптуу кызматкерлер катышты.

Маалымат үчүн, Ош технологиялык университетинин Көзөмөлчүлүк кеңешинин курамы: Б.Б.Зулуев, ОшМПУнун ректору, педаг.ил.доктору, профессор; З.Б.Юсупов, Ош шаарынын мэринин орун басары, М.К.Исраилов, Ош шаарынын мэриясынын тышкы байланыштар жана аналитика башкармалыгынын башчысы; Ч.А.Адылов, Б.Сыдыков атын. Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин маалымат жана инновациялык технологиялар бөлүмүнүн башчысы, техн. ил. канд., доцент; М.М.Гуронов, Ош шаардык электр энергиясын сатуу мекемесинин жетекчиси, М.М. Үсөнов, БатМУнун экономика жана финансы боюнча проректору, экон. ил. канд., доцент; М.Р.Мусабаева, КРнын журналисттер союзунун мүчөсү, КРнын жазуучулар союзунун мүчөсү; К.М. Ниязбеков, “Ниязбеков Кушубак Мамашович” жеке ишканасынын салык консультанты жана бухгалтери; А.Ташбаев, ОшТУнун “Бизнес-информатика жана маалыматтык экономика кафедрасынын башчысы, экон. ил. доктору, профессор; А.Акматалиев, ОшТУнун сырткы байланыштар жана өнүгүү боюнча проректору, филос. ил. канд., доцент.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть