14-февралда Ош технологиялык университетине Өзбекстандын Ош шаарындагы башкы консулу З.Ахмедов, консул А.Абдурашидов, консулдук кызматкери И.Хамиджанов курамындагы делегациясы келди.
Конокторду ОшТУнун ректору Ж.Турсунбаев кабыл алып, бир канча эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жолугушууда эки тараптуу кызматташууну, анын ичинде билим берүү программасын өнүктүрүүнү күчөтүү максатындагы бир нече маселелер айтылды. Өзбекстандан келип, окуп жаткан студенттердин көйгөйлүү маселелери талкууланды.
Маалымат үчүн, учурда Ош технологиялык университетинде 5000ге жакын өзбекстандык студенттер билим алышат.