Ош технологиялык университетинде бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасы тарабынан «Финансылык жана пенсиялык сабаттуулукту жогорулатуу» аталышындагы тренинг уюштурулду.
Иш-чара финансылык сабаттуулуту жогорулатуу максатында өткөрүлүп, окутуучулар жана студенттер катышты.
Тренингди Бишкек мамлекеттик университетинин экономика, финансы жана бухгалтердик эсеп кафедрасынын доценти, экономика илимдеринин кандидаты Молдокулова Башарат Жолдошовна өтүп, финансылык сабаттуулуктун негиздери, финансалык максаттар (SMART), финансылык пландар, пенсиялык сабаттуулук жана пенсиялык топтолмо фонддор тууралуу маалымат берди.
Иш-чарада үй-бүлөлүк бюджет, акчаны сарамжалдуу колдонуу, каражат топтоонун зарылдыгы сыяктуу суроолор боюнча талкуу жүрүп, студенттердин активдүүлүгүн жаратты.