18:05 17 февраля 2024

Ташкент технологиялар университетинен келген делегация ОшТУда болду

Ош технологиялык университетине Өзбекстандын Мухаммед-аль-Хорезми атындагы Ташкент мамлекеттик технологиялар университетинин Фергана филиалынын өкүлдөрү түзүлгөн келишимдерге ылайык, атайын иш сапар менен келишти.

Делегация менен ректор Жанболот Турсунбаев жолугуп, пикир алышты. Жолугушууда эки тараптуу өнөктөштүктү өнүктүрүү, алдыдагы кызматташуунун стратегияларын биргеликте иштеп чыгуу, профессордук-окутуучулар курамы арасында тажрыйба алмашууларды колго алуу, академиялык мобилдүүлүктөрдү ишке ашыруу жана илим-билим жаатындагы байланыштарды өнүктүрүү туурасында маселелер талкууланды.

Эл аралык билим берүү мейкиндигинде биргелешип аракет кылуу максатында аталган окуу жайдын окутуучулар курамы табигый-техникалык факультетинин информатика кафедрасында 2024-жылдын март айына чейин болушуп, Python, маалыматтар базасы жана web тиркемелер боюнча бир айлык курстан өтүшмөкчү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть