18:06 17 февраля 2024

ОшТУда «Стилдүү жылдыздар-2024» сынагы болуп өттү

Ош технологиялык университетинде студенттер арасында «Стилдүү жылдыздар-2024» кароо-сынагы болуп өттү

Аталган сынакка факультет, колледжден бирден жуп катышып, өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Сынак саламдашуу, классикалык образ менен чыгуу, таланттуу жылдыздар жана кечки образды көрсөтүү деген төрт турдан орун алды.

Жыйынтыгында «Стилдүү жылдыздар-2024» кароо-сынагында баш байгени кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин таланттуу студенттери багындырды. Экинчи орунду гуманитардык-технологиялык колледжинин, технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин студенттери, ал эми үчүнчү орунду энергетика факультетинин студенттери камсыз кылышып, окуу жайдын жетекчилиги тарабынан дипломдор менен акчалай сыйлыктарга ээ болушту.

Бул иш-чаранын максаты жаштар арасындагы достукту, ынтымакты чыңдоо, студенттердин маданий эс алуусун уюштуруу жана таланттуу жаштарды колдоп, алардын эл алдына чыгууларына көмөк көрсөтүү болуп эсептелет.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть