15:46 21 февраля 2024

«ОшТУнун кубогуна» арналган Ош облусунун биринчилиги жыйынтыкталды

16-17-февраль күндөрү Ош шаарындагы жана райондордогу балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин 2006-2008-жылы туулган мектеп окуучуларынын балдар жана кыздар арасында «ОшТУнун кубогуна» арналган спорттун стол тенниси жана волейбол түрү боюнча Ош облусунун биринчилиги болуп өттү.

Спорттук мелдештин жыйынтыгында волейбол боюнча балдар арасында:

  • 1-орун — Кара-Кулжа району
  • 2-орун — Өзгөн району
  • 3-орун — Алай району
  • 4-орун — Кара-Суу району

Волейбол боюнча кыздар арасында:

  • 1-орун — Ош шаары
  • 2-орун — Ноокат району
  • 3-орун — Кара-Кулжа району
  • 4-орун — Алай району

Стол тенниси боюнча балдар арасында:

  • 1-орун — Ош шаары спорт мектеби
  • 2-орун — Кара-Суу району
  • 3-орун — Өзгөн району

Стол тенниси боюнча кыздар арасында:

  • 1-орун — Ош шаары спорт мектеби
  • 2-орун — Кара-Суу району
  • 3-орун — Араван району ээледи.

Жеңүүчүлөрдү окуу жайдын ректору Ж.Турсунбаев куттуктап, окууларына ийгиликтерди каалады. Мелдештин жеңүүчүлөрүнө университет жетекчилиги жана кесиптик бирлик комитети тарабынан дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть