15:47 21 февраля 2024

ОшТУда Эл аралык эне тил күнү белгиленди

21-февраль — Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата Ош технологиялык университетинде дүйнөлүк тилдер кафедрасы тарабынан «Канча тил билсең, ошончо адамсың» аттуу майрамдык салтанат өткөрүлдү.

Бул иш-чаранын негизги максаты улуттар аралык достукту, ынтымакты чыңдоо, мамлекеттик тилдин кадыр-баркын жогорулатуу, бөтөн тилдерди барктоо, сыйлоо, эне тилди баалуулук катары кийинки муундарга өткөрүп берүү болуп саналат.

Иш-чарада ОшТУнун мамлекеттик тил боюнча проректору А. Зулпуев кеченин катышуучуларын Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү менен куттуктады.

Мамлекеттик тил, орус тили жана славян маданияты, америка маалымат-ресурстук, корей тил жана кытай тил борборлорунда окуп, тилдерди үйрөнүп жаткан студенттердин катышуусундагы майрамдык кечеде ар улуттун ырлары жаңырып, бий менен коштолгон музыкалык чыгармалар катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулады. Студенттер өздөрү үйрөнүп жаткан тилдерди даңазалоо максатында ар улуттун маданиятын, тилин, улуттук баалуулуктарын көрсөтүп, ыр-бийлерди, интерактивдик оюн, юмор жана башка кызыктуу номерлерди аткарышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть