18:16 22 февраля 2024

ОшМПУнун окутуучулары эл аралык илимий конференцияда баяндама жасашты

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин окутуучулары Өзбекстанда өткөн IV эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышып келишти.

Аталган конференция 16-17-февраль күндөрү Ташкент шаарында Улуттук изилдөө университетинин алдындагы Ташкент ирригация жана айыл чарбасын механизациялоо инженерлер институтунда «Билим берүүнү кайра түзүү: илимди өнүктүрүүдө аялдардын ролу» аталышында болуп өттү.

Ага Франция, Бельгия, Англия, Казакстан, Индия, Кыргызстан, Улуу Британия жана башка бир катар өлкөлөрдөн илимпоз аялдар, аспиранттар жана магистранттар катышышты. Катарда ОшМПУнун педагогика жана психология кафедрасынан педагогика илиминин кандидаттары И.Даминова, М.Джалалиддинова, Ч.Акматова, Р.Умарова, аспирант-изилдөөчүлөрдөн М.Маткасымова, С.Жалилова, Э.Мамарасулова, Ж.Заилова жана Нуриза Мамашерип кызы да катышып, өз макалаларын коргошту.

Пленардык жыйында п.и.к., доцент Инабат Даминова Р«оль кыргызских женшин в научных исследованиях» деген темада баяндама жасады.

Окутуучулар өз баяндамаларында кыргыз аялдарынын жашоодогу орду, билим берүүнү өнүктүрүүдөгү ролу жана гендердик теңчилик маселелерине токтолушту. Ошондой эле кыргыз элинин улуттук маданиятын чагылдырган аялдардын улуттук кийимдерин даңазалаган слайддарын көрсөтүштү.

ОшМПУнун атынан аталган университетке жана уюштуруучуларга улуттук панно жана атайын белектер тапшырылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть