16:20 26 февраля 2024

ОшТУда Ата мекенди коргоочулар күнү белгиленди

Ош технологиялык университетинде 23-февраль — Ата мекенди коргоочулар күнүнө карата окуу жайдын жетекчилиги, аялдар кеңеши жана кесиптик бирлик комитети тарабынан жалпы мекен коргоочулардын урматына концерттик программа тартууланды. Салтанатка окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулары жана студенттери катышты.

Иш-чарада ОшТУнун ректору Ж. Ж. Турсунбаев жамааттын мырзаларын майрамы менен куттуктап, билим берүүдѳ татыктуу эмгектенген алдыӊкы мугалимдерди сыйлады.

Майрамдык кечеде жагымдуу чыгармалар, обондуу ырлар, бийлер аткарылды. Университеттин өнүгүшүнө салым кошуп келе жаткан окутуучу агайларга, кызматкерлерге жана окууда мыкты жетишкендиктерди жараткан үлгүлүү студенттерге Ардак грамота жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Майрамдык иш-чарага ОшТУнун кесиптик бирлиги колдоо көрсөтүп, баалуу сыйлыктарын тапшырып өттү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть