Ош технологиялык университетине Кытай Эл Республикасындагы Ouyu Huatong Beijing Trading Co., Ltd. компаниясынын башчысы Ван Дунчен жана орун басары У Хань, Xinggong Constraction Co., Ltd. компаниясынын башчысы У Сяовень иш сапар менен келди. Делегацияны ОшТУнун Кытайдагы өкүлү Чень Синьлей жетектеп келди.
Аталган делегацияны ОшТУнун ректору Ж.Ж.Турсунбаев кабыл алды жана университеттин структуралык бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңейтилген курамда кызматташуу жыйыны болду.
Жолугушуунун максаты - ОшТУнун билим берүү ресурстарын экспорттоо, университеттин өсүп-өнүгүүсү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу, эл аралык кызматташууларды кеңейтүү болуп саналат. Жыйын суроо-жооптор менен коштолду. Жыйынтыгында коноктор окуу жайдын материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыгышты.