16:00 28 февраля 2024

ОшТУнун окутуучулары Фергана мамлекеттик университетинде болду

ОшТУнун экономика жана башкаруу факультетинин бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасынын профессору, экономика илимдеринин доктору Абдиев Мурат Журатович жана экономика илимдеринин кандидаты, доцент Момунов Уметбек Насирдинович Фергана шаарына болгон иш сапардын алкагында Фергана мамлекеттик университетинин экономика факультетинин деканы э.и.д., профессор Хонкелдиева Гузал Шеровна жана кафедра башчылары менен жолугушту.

Жолугушууда эки окуу жайдын кызматташуу келишиминин алкагында окуу-методикалык, академиялык мобилдүүлүк жана илимий иштер боюнча алдыда аткарыла турган иштер талкууланды.

Белгилей кетсек, ОшТУ Өзбекстандын жогорку окуу жайлары менен илим жана билим берүү жаатында терең кызматташып келет.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть