Ош технологиялык университетинде «ОшТУ мырзасы 2024» жигиттер сынагы өткөрүлүп, бул сынакка ар бир факультеттен жана Гуманитардык-технологиялык колледжден жалпы 8 жигит күч сынашты.
Аталган иш-чара жаштар комитети тарабынан жаштарды коомдук иштерге аралаштыруу, студенттердин достук мамилесин чыңдоо, интеллектуалдык жана маданий деңгээлин жогорулатуу, көрүүчүлөрдүн маданий эс алуусун уюштуруу, эстетикалык табитин арттыруу, сергек жана активдүү жашоо образын чагылдыруу, мекенчилдикке тарбиялоо максатында уюштурулду.
Сынактын шартына ылайык, жигиттерге улуттук жана классикалык баалуулуктар каралаган ар кандай шарттар коюлду. Мырзалар сахнада өздөрүнүн өнөрлөрүн тартуулашып, бардык шарттарды аткарышты.
Сынак калыстар тобу тарабынан бааланып, жыйынтыгында баш байгеге табигый-техникалык факультетинин мырзасы Самарбек уулу Жылдызбек ээ болуп, «ОшТУ мырзасы» аталды Ал Ташкент шаарына эс алууга жолдомонун ээси болуп, «Ош шаарынын мырзасы» сынагына катышууга мүмкүнчүлүк алды.
2-орунга технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин мырзасы Бекмамат уулу Маметиса, 3-орунга экономика жана башкаруу факультетинин мырзасы Айбек уулу Арлен ээ болушту.
«ОшТУ Инстаграм мырзасы» номинациясына Гуманитардык-технологиялык колледжинин мырзасы Султанбек уулу Мухамедумар ээ болду.
Жеңүүчүлөр университет жетекчилиги жана кесиптик бирлик комитети тарабынан диплом, акчалай жана баалуу белектер менен сыйланышты.