Ош шаарындагы У.Салиева атындагы зээндүү балдардын жатак лицейинде республикалык олимпиаданын облустук этабы өттү.
Олимпиадага ОшМУнун «Кара-Суу» гимназиясынын 4 окуучусу катышты. Алардын ичинен 3 окуучу республикалык олимпиадага жолдомо алды.
11-класстын окуучусу Бегимай Анарбаева орус тили предмети боюнча 1-орунду, математика предмети боюнча 11-класстын окуучусу Эрмек Орозбаев, химия предмети боюнча 9-класстын окуучусу Гүлпери Жуматаева 2-орунду ээлеп, республикалык олимпиадага жолдомо алышты. 8-класстын окуучусу Руслан Нурмахамадов физика предмети боюнча 5-орунду ээледи.
«Ийгилик жараткан окуучуларды химия предметинен Аскар Садиков, математика предметинен Абдилабал Тайтокур уулу, орус тили предметинен Элина Алмазбек кызы, физика предметинен Райкан Абдимиталип кызы даярдап алып барышкан. ОшМУнун "Кара-Суу" гимназиясында химия, математика, физика предметтери боюнча тереңдетилген билим берилет. Буга чейин 3 окуучубуз “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына ээ болгон», - деди мектептин директору Мадина Суюнбаева.
Облустук этапта жеңишке жеткен 34 окуучу 17 багыт боюнча олимпиаданын республикалык баскычына катышат.